Биз менен байланышыңыз

Футбол: Орусия Сербияга ири эсепте утулду

Шаршемби күнү Белград шаарындагы «Райко Митич» стадионунда Улуттар Лигасынын тайпалык баскычынын VI турдук оюнунда Сербия курамасы Орусияны өз үйүндө кабыл алып, оюн 5:0 эсебинде үй ээлеринин пайдасына аяктады.

Голдорду Неманя Радонич (10-мүнөттө), Лука Йович (25, 45-мүнөттөрдө), Душан Влахович (40-мүнөттө), Филип Младенович (64-мүнөттө) киргизди.

Бул Станислав Черчесов үчүн Орусиянын курама командасына башкы машыктыруучу болуп дайындалгандан берки эң ири жеңилүү болду. Оюндан кийин Черчесов: «Маселе менде эмес, негизи турнирди башында жакшы баштаганбыз, бирок жакшы жыйынтыктай алган жокпуз. Бүгүнкү беттеш команда менен ойноо керектигин көрсөттү», — деди.

Белгилей кетсек, Орусия курамасы 2004-жылы да ушундай жеңилүүгө дуушар болгон. Анда дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунда Орусия Португалияга 7:1 эсебинде утулуп калган. Жыйынтыгында башкы машыктыруучу Георгий Ярцевдин ордуна Юрий Семин дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM