Биз менен байланышыңыз

UFC президенти Хабибдин дагы бир беттеш өткөрөрүнө ишенет

Кыска кабар , Спорт | 19 Ноя 2020 | 323 | 0

Абсолюттук мушташ чемпиондугунун (UFC) башчысы Дана Уайт «MMA Fighting» басылмасына берген маегинде орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун карьерасын калыбына келтирүү жөнүндө дагы бир жолу айтты.

«Макгрегор менен Пуэринин ортосундагы беттеш чемпиондук кур үчүн болбойт. Нурмагомедов кур үчүн күрөшөт. Мен күрөшөт деп ишенем», — деди Уайт.

Эске салсак, 32 жаштагы орусиялык 24-октябрда америкалык Жастин Гетжини жеңип, UFCнин жеңил салмактагы чемпиондук курун коргогон. Уруштан кийин дароо Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктаганын жарыялаган. Орусиялык өзүнүн 29-карьералык жеңишин атасынын көзү өткөндөн кийин биринчи күрөштө жеңип алган. Ал бир да жолу жеңилбестен, 30 жеңишке жетишип, рекорд орнотууну каалагандыгын бир нече жолу жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM