Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын курама командасы Тажикстан менен тең чыгышты

Кыска кабар , Спорт | 19 Ноя 2020 | 298 | 0

«Футзал боюнча Кыргызстан курама командасы Тажикстан курама командасы менен жолдоштук беттеште тең ойноду», — деп билдирди Кыргызстандын Футбол биримдиги.

Беттеш 18-ноябрда Ташкентте (Өзбекстан) өтүп, 1: 1 эсебинде аяктады. Кыргызстан курама командасынан Юлдаш Салимбаев 6-мүнөттө гол киргизди.

Биринчи оюнда 17-ноябрда кыргызстандыктар Өзбекстан курама командасы менен ойноп, 1: 2 эсебинде утулуп калган.

Кийинки беттеш Амиржан Мукановдун командасы менен 20-ноябрда өтөт, атаандаш кайрадан Өзбекстан курама командасы болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM