Биз менен байланышыңыз

Кыргыз паратриатлончулары эл аралык мелдештерге даярдык көрүүдө

Кыска кабар , Спорт | 18 Ноя 2020 | 471 | 0

Паратриатлон боюнча спортчулар лицензиялык эл аралык мелдештерге даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

2020-жылга кабыл алынган календардык пландын негизинде, ошондой эле алдыда өтө турган лицензиялык эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында паратриатлон боюнча спортчуларга окуу-машыгуу жыйыны өткөрүлүп жатат.

Жыйын 15-ноябрда старт алып, 29-ноябрга чейин уланат. Спортчулардын жана машыктыруучунун тизмеси:

1. Абдувалиев Жалалдин, 1993-жылы туулган, спортчу;
2. Камчибеков Дастан, 2001-жылы туулган, спортчу;
3. Жүзбаева Гүлназ, 1984-жылы туулган, спортчу;
4. Моңолбаев Амир, 2005-жылы туулган, коштоочу спортчу;
5. Ханадеев Артем, 2005-жылы туулган, коштоочу спортчу;
6. Березовская Евгения, 1997-жылы туулган, коштоочу спортчу;
7. Ханадеев Андрей, машыктыруучу.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин эсебинен өткөрүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM