Биз менен байланышыңыз

Күрөш: Дүйнө чемпионаты болбой калды

Кыска кабар , Спорт | 18 Ноя 2020 | 301 | 0

Күрөш боюнча 2020-жылы Дүйнө чемпионаты болбой калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш Уюмунун расмий сайты жарыялады.

Мындай чечимди Уюмдун Аткаруу Комитети дүйнөнүн күчтүү курама командалары баш тарткандыгына байланыштуу кабыл алды. Дүйнө чемпионаты жокко чыгарылып, анын ордуна жекече дүйнө чемпионаты 12-20-декабрь күндөрү Белградда (Сербия) өткөрүлөт.

2020-жылы Олимпиада оюндарына байланыштуу дүйнө чемпионаты олимпиадалык эмес салмак категорияларында өтүшү керек болчу. Бирок Токио Олимпиадасы 2021-жылга жылдырылып, UWW толук кандуу дүйнө чемпионатын өткөрүүнү чечкен.

Дүйнө чемпиондугуна катыша турган Кыргызстандын курама командасынын курамы аныктала элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM