Биз менен байланышыңыз

Президенттик шайлоого 40 киши арыз берди. Арасында пенсионер айым бар


Бүгүн, 14-ноябрда, президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына дагы беш киши арызын берди. Бул тууралуу БШКнын расмий сайты жарыялады.

Талапкерлердин тизмеси:

Анаркүл Араева, 60 жашта, пенсионер;

Орозбек Мадинов, 52 жашта;

ЖК депутаты Каныбек Иманалиев, 51 жашта;

Темирлан Ормуков, 44 жашта.

Мындан сырткары, премьер-министр Садыр Жапаров дагы бүгүн арызын берди.

Ушуну менен талапкерлердин саны 40ка жетти. Буга чейини 35инин тизмеси жарыяланган. Президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM