Биз менен байланышыңыз

Неймар «Барселона» клубун сотко берди

Кыска кабар , Спорт | 13 Ноя 2020 | 337 | 0

Франциянын «ПСЖ» футболдук клубунун бразилиялык чабуулчусу Неймар мурда ойноп кеткен каталондук «Барселона» клубун 2016-жылы келишимдин узартылышы үчүн бонус катары 43 миллион 600 миң евро талап кылып, кайрадан сотко кайрылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

28 жаштагы футболчу буга чейин «Барселона» клубун 2016-жылы келишимдин узартылышы үчүн бонус катары 43 миллион 600 миң евро төлөп берүү боюнча сотко кайрылган. Футболчунун доо арызы каралгандан кийин анын талаптары четке кагылган. Мындан тышкары, Неймар өзү Барселонага 6 миллион 700 миң евро төлөөгө милдеттендирилген.

Маалым болгондой, бразилиялык чабуулчунун жактоочулары соттун бул чечимине каршы даттанып, «Барселонадан» бонустарды төлөтүп берүү өтүнүчү менен кайрадан сотко кайрылышкан.

Неймар «ПСЖ» клубуна «Барселонадан» 2017-жылдын жай айында 222 миллион еврого өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM