Биз менен байланышыңыз

Индонезияда карантин шартын бузгандар канализация тазалайт

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 328 | 0

Индонезия мамлекети коомдук жайларда беткап кийүү эрежесин бузгандарга катаал айып пул салат. Айып пулду төлөөгө кудурети жетпесе, аларга карата ары кызыктуу, ары таң калыштуу жазалар колдонулууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө коронавирус күч алып, эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Коронавирус илдетине кабылгандардын саны 448 миңге жетип, ал эми каза болгондор 15 миңден ашты.

«Ушуга байланыштуу эрежелерди жүзөгө ашыруу үчүн өлкө боюнча 340 миңге жакын аскер абалды көзөмөлгө алууда. Эрежени бузгандар үчүн отжимание сыяктуу спорттук көнүүгүлөрдү жасоо же көчө шыпыруу сыяктуу коомдук жумуштар менен жазаланышат. Кээ бир эреже бузгандар канализация тазалоого же Күндүн аптабына 30 мүнөт жатууга аргасыз болушат», — деп жазылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM