Биз менен байланышыңыз

Элзар Таиров онлайн Дүйнө чемпиондугунда 9-орунду ээледи

Кыска кабар , Спорт | 13 Ноя 2020 | 473 | 0

Кыргызстандык спортчу Элзар Таиров 2020-жылы оор атлетика боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 9-орунду ээледи.

Таиров турнирге 61 кг салмакка чейин катышкан. Мелдеште жалпы 27 спортчу күч сынашкан.

Кыргызстандык спортчу «А» тобуна кирип, жулкуп көтөрүүдө бир гана ийгиликтүү аракет жасай алды. Анын жалпы жыйынтыгы 222 кг (102 кг жана 120 кг) түзүп, акыркы 9-орунду ээлөөгө мүмкүнчүлүк берди.

Бул салмакта дүйнө чемпиону Индонезиядан келген Мухаммед Фаатхир 263 кг жыйынтык көрсөткөн.

Эламан Молдодосов 14-ноябрда 73 килограммга чейинки салмакта күч сынашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM