Биз менен байланышыңыз

UEFA «EURO-2020нын» бардык катышуучулары аныкталды

Кыска кабар , Спорт | 13 Ноя 2020 | 432 | 0

2020-жылдагы Европа футбол чемпионатынын акыркы туруна өткөн 24 команданын бардыгы белгилүү болду.

12-ноябрдан 13-ноябрга караган түнү Улуттар Лигасынын плей-офф оюндары болуп, финалдык турнирге акыркы 4 жолдомо ойнотулду. Аларды Македония, Венгрия, Словакия жана Шотландия курама командалары утуп, Грузия, Исландия, Түндүк Ирландия жана Сербияны жеңип алышты.

УЕФА «ЕВРО-2020» 2020-жылы жайында өтүшү керек болчу, бирок коронавирус пандемиясынын айынан бир жылга жылдырылган. Турнирдин беттештери 12 шаардагы жана 11 мамлекеттеги стадиондордо өткөрүлөт деп пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM