Биз менен байланышыңыз

Македония курама командасы «ЕВРО-2020га» катышат

Кыска кабар , Спорт | 13 Ноя 2020 | 262 | 0

Македониянын футбол боюнча курама командасы тарыхында биринчи жолу Европа чемпионатынын финалына чыкты.

Команда Улуттар Лигасы аркылуу турнирге сүйүктүү жолдомону утуп алган. Андан соң «D» дивизионунда өткөн мини-турнирди, жарым финалда Косовону 2: 1 эсебинде жеңип, ал эми финалда Грузия курама командасын Горан Пандевдин жалгыз голунун аркасында утуп алышты.

УЕФА «ЕВРО-2020» финалында Македония курама командасы «В» тобунда Голландия, Украина жана Австрия курама командалары менен ойнойт.

УЕФА «ЕВРО-2020» 2020-жылы жайында өтүшү керек болчу, бирок коронавирус пандемиясынан улам бир жылга жылдырылган. Турнирдин беттештери 12 шаардагы жана 11 мамлекеттеги стадиондордо өткөрүлөт деп пландалууда.

УЕФА «ЕВРО-2020» финалдык туруна акыркы 3 жолдомо матчтарда ойнотулат:

  • Венгрия — Исландия
  • Түндүк Ирландия — Словакия
  • Сербия — Шотландия

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM