Биз менен байланышыңыз

Марат Табалдиев Япониядан эки медаль жеңип алды [фото]

Кыска кабар , Спорт | 13 Ноя 2020 | 414 | 0

Кыргызстандык Марат Табалдиев Японияда өткөн жиу-житсу чеберлеринин эл аралык мелдешинде ийгилик жаратты.

«All Japan Jiu-Jitsu Masters III» турнири 8-ноябрда Токиодо өттү. Табалдиев турнирде көк курга жеткен 30-35 жаштагы спортчулар арасында эки салмак категориясында күч сынашты.

70 килограммдан жогорку салмак категориясында Япония, Кыргызстан жана Монголиядан 5 спортчу катышты. Табалдиев чейрек финалда жапониялык Хироси Кондону, жарым финалда Япониянын дагы бир өкүлү Сатоши Комацуданы жеңди. Финалдык беттеште монголиялык Тогоху Наранбатка жеңилип, күмүш медаль алды.

Андан соң 76 килограммга чейинки салмак ченинде кайра күч сынашып, жарым финалда Монголиядан келген спортчу Наранбатты, финалда Сатоши Камацуну жеңип, алтын медаль тагынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM