Биз менен байланышыңыз

Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 1060 | 0

Бүгүн, 13-ноябрда Ош шаарында мурдагы Билим берүү жана илим министри, профессор Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Эскерүү митингинде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Исаковдун достору жана шакирттери сөз сүйлөштү.

Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун, экс-президент Роза Отунбаеванын жана кыргыз өкмөт мүчөлөрүнүн атынан көңүл айтуу сөздөрүн окуп берди.

Каныбек Исаков 12-ноябрда Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында 51 жашында көз жумган. Ал медициналык мекемеге 11-ноябрда түшкөн. Айрым маалыматтар боюнча, ага пневмония диагнозу коюлган.

Каныбек Исаков 2011-жылдан 2019-жылдын 11-сентябрына чейин Ош мамлекеттик университетинин ректору, 2019-жылдын 11-сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин Билим берүү жана илим министри кызматтарын аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM