Биз менен байланышыңыз

Эже-сиңдилер турнирге даярдыгын билдирди

Кыска кабар , Спорт | 13 Ноя 2020 | 293 | 0

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко менен анын эжеси Антонина Шевченко 21-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтө турган UFC-255 турнирине толугу менен даяр. Бул тууралуу Валентина Шевченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Эже-сиңдилер турнирге даяр», — деп жазган Шевченко.

Бул турнирде Валентина Шевченко 32 жаштагы бразилиялык мушкер Женнифер Майя менен чемпиондук кур үчүн беттешсе, ушул эле турнирде Валентина Шевченконун бир тууган эжеси Антонина Шевченко бразилиялык 26 жаштагы Ариана Липски аттуу мушкер айым менен беттешет.

Эске салсак, Валентина Шевченко өзүнүн акыркы беттешин 9-февралда UFC-247 турниринде америкалык мушкер Кэтлин Чукагянга каршы өткөргөн. Анда Шевченко атаандашын 3-раундда нокаутка учуратып, чемпиондук курун коргоп калган.

Ал эми Антонина Шевченко өзүнүн акыркы беттешин 31-майда Кэтлин Чукагянага каршы өткөрүп, упайлардын айырмасында утулуп калган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM