Биз менен байланышыңыз

«Ак-Шумкарлар» 2021-жылдын март айында оюн көргөзөт

Кыска кабар , Спорт | 13 Ноя 2020 | 409 | 0

Кыргыз улуттук курамасынын Футбол боюнча 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жана 2023-жылы өтө турган Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндары 2021-жылдын март айында башталат. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу Инстаграм баракчасына жарыялады.

«Кечээ, 11-ноябрда Азия Футбол Конфедерациясынын (АФК) онлайн жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө Азия квалификациясынын экинчи турундагы бардык оюндар 2021-жылдын 15-июнуна чейин, анын ичинде 7-8-март күндөрү башталып, 2021-жылдын 9-10-июнь күндөрү менен аякташы керектиги макулдашылды. Азия чөлкөмүндөгү тандап алуу оюндарынын акыркы туру 2021-жылдын сентябрь айында башталат», — деп жазылган маалыматта.

«Ак Шумкарлар» Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен «F» тайпасында беттешет. 5 турдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз курамасы Япониядан кийин 7 упайы менен 2-орунда келе жатат. Эми алар Мьянма жана Япония менен конокто, Монголия менен өз үйүндө оюн өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM