Connect with us

Дөөлөт Сыдыковдун «Манас» айтуусу 12 сааттан ашты

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 580 | 0

Бүгүн, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков узак убакыт «Манас» айтып, «Гиннесстин рекорддор китебине» катталууга аракет кылууда.

Дөөлөт Сыдыковдун «Манас» айтып жатканына 13 саатка чамалап калды. Аянтта миңден ашуун адам «Манастап» ураан чакырып, манасчыны сүрөөнгө алууда.

Коюлган шарт боюнча манасчы суу да ичпей, дааратканага да барбай, бир орундан козголбой, 10 сааттан ашык токтолбой, «Манас» айтуусу керек. Ал эми Дөөлөт Сыдыков 14 саат тынбай айтарын маалымдаган. Учурда манасчы жаңы баштагандай демдүү, күүлүү.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында өтүп жатат. Ал жерге манасчы үчүн атайын секиче жасалып, үстүнө айнек боз үй тигилген.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM