Биз менен байланышыңыз

Курсактагы баланын өсүшүнө тоскоолдуктар

Болочок эненин организминде жетиштүү витаминдер, микроэлементтер болгон учурда гана дени сак бала төрөлөт. Йод жана фолийдин жетишсиздиги — курсактагы баланын өсүшүнө тоскоол жаратуучу башкы себептердин бири. Бул боюнча гинеколог Айчүрөк Саркишева «Мединфо» программасында берген маегинде айтты.

«Дени сак бала төрөлүшү үчүн  болочок эне организмин даярдашы керек. Пландаштырууда жок дегенде 2 ай мурун йодамарин, фолий кислотасын сөзсүз сунуштайбыз. Курсактагы  баланын өсүшүнө тоскоолдуктар болбошу, кыйынчылыктар жаралбашы үчүн эне ден соолугун жакшы карап, негатив ойлордон, өзүн алыс кармап, эмоциясын көзөмөлдөй билиши керек. Эненин абалы балага түздөн түз таасир берет», — деди Саркишева.

Дарыгерден кош бойлуу энеге кеңеш:

Азыркы экологиялык абал аябай начар. Тамак-аштарга химикаттар көп кошулуп жатат. Колдон келсе, жер-жемиштерди көбүрөөк жеп, газдалган суусундуктарды аз ичүү керек. Химиялык заттары көп чипсы, кириешки сыяктуу зыяндуу азыктардан баш тартуу зарыл. Булар сөзсүз аял заттын организмине терс таасирлерин берет. Жер-жемиштер жана сүт азыктары, балык эң пайдалуу болот. Ошондой эле  «Омега-3» да эне жана баланын ден соолугуна өтө пайдалуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM