Биз менен байланышыңыз

Шахматчылар эл аралык онлайн-турнирге катышты

Кыска кабар , Спорт | 11 Ноя 2020 | 414 | 0

Кыргызстандын шахматчылары жалпы байгесине 5 миң доллар коюлган «Unity Mega Event» эл аралык онлайн-турнирде ийгиликтүү оюн көрсөтүштү.

Кыргыз шахмат федерациясынын онлайн шахмат боюнча комиссиясынын төрагасы Нурдин уулу Сардарбектин айтымында, блиц-мелдеш 25-октябрда 3+0 убакыт көзөмөлү менен лицензиялык аянтчада өттү. Ага ар кайсы өлкөлөрдүн 900гө жакын шахматчысы, анын ичинде гроссмейстерлер жана эл аралык чеберлер катышты.

Жалпы эсеп боюнча, рейтинг боюнча жана жаш курак категориялары боюнча медалдар берилди.

Кыргызстандын курама командасы 5 медалга ээ болду:

Спорт чебери Азиз Умарбеков — чоңдор арасында биринчи орунду ээледи (жалпы эсепте 138-орун);

КМС Азиз Дегенбаев — U-1900 рейтинг категориясында экинчи орун алды (жалпы эсепте 120-орун);

ФИДЕ чеберликке талапкер Элдияр Орозбаев — U-2000 рейтинг категориясында экинчи орун алды (жалпы эсепте 101-орун);

CMS Эржан Жакшылыков — U-2000 рейтинг категориясында үчүнчү орун алды (жалпы эсепте 125-орун);

Эмир Шаршенбеков — U-1500 рейтинг категориясында үчүнчү орун алды (жалпы эсепте 346-орун).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM