Биз менен байланышыңыз

Головкин Хабибге караганда көбүрөөк акча тапкан

Кыска кабар , Спорт | 11 Ноя 2020 | 323 | 0

«Орусиянын UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов ММАдагы кесиптик карьерасындагы жалпы беттешинде 30 миллион долларга жакын киреше тапкан болсо, анда казакстандык боксчу Геннадий Головкиндин карьерасындагы негизги кармашы үчүн алган төлөмүнөн алда канча аз», — деп билдирет «Sports.kz».

Эске салсак, мексикалык Сауль Альварес менен болгон биринчи мушташында Головкин 30 миллион доллардан ашык акча тапкан. Канело менен болгон экинчи беттешүү да казакстандыкка бул чектен ашып кетүүгө жардам берген.

Ал ортодо Головкин IBF титулунун милдеттүү атаандашы поляк Камил Шеремета менен декабрь айында боло турган күрөштү пландаштырууда. Канело менен боло турган үчүнчү беттеши 2021-жылдын май айына белгилениши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM