Биз менен байланышыңыз

Чили калемпири өмүрдү узартаарын аныкташты

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Ноя 2020 | 378 | 0

«Америкалык окумуштуулар чили калемпирин үзгүлтүксүз колдонуу эрте өлүмдүн коркунучун азайтып, өмүрдү узартаарын аныкташты», — деп билдирет «Fox News».

Американын Жүрөк ассоциациясынын эксперттери эксперимент жүргүзүшүп, анда беш алдыңкы дүйнөлүк саламаттыкты сактоо базасындагы 4729 изилдөөнү талдап, Италия, Кытай, Иран жана АКШдагы 570 миң адамдын көрсөткүчүн салыштырып көрүштү.

Окумуштуулар чили калемпирин үзгүлтүксүз кайнатып ичкендерде жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза табуу 26 %га, рактан каза табуу 23 %га аз экенин аныкташкан. Эксперименттин жыйынтыгында чили калемпирин сейрек колдонгон же таптакыр жебеген адамдарга салыштырмалуу калемпирди күнүмдүк тамак-ашына дамамат колдонгондордун эрте каза табуусу 25 %га төмөн экени белгилүү болгон.

Чили калемпиринин мындай касиеттерин сезгенүүгө каршы, антиоксидант жана ракка каршы таасирлери бар экендиги, ошондой эле кандагы глюкозанын деңгээлин жөнгө салары менен түшүндүрсө болот. «Бул азыктын организмге тийгизген башка да таасирлери кошумча изилдөөнү талап кылат», — дешет окумуштуулар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM