Connect with us

Адистен кеңеш: Уктаар алдында эмнелерди жасоого болбойт?

Кыска кабар | 11 Ноя 2020 | 3568 | 0

Уктаар алдында кылууга болбой турган адаттар боюнча адистердин берген кеңешин «Huffington Post» маалымат агенттиги жазды.

Биринчи кезекте жаңылык укканга же көргөнгө болбойт. Себеби аны уккандан же көргөндөн кийин адамдын көөшүп уктап кетиши кыйынга турат. Дагы бир жагдай кыжаалат кыла турган кепти күндүзгүгө калтырган оң. Изилдөөдө ашыкча сөз уккан адам түндү кээде кирпик какпай өткөрөрү аныкталган.

Дарыгерлер: «Жатып алып иштебегиле», — деп кескин эле айтып келишет. Себеби керебет улам эле уйку менен төшөк мамилесин эстете бергендиктен, иштейм деп камынган адам кыйраткан деле эч нерсе жасап жибербейт.

Дагы эске салчу учур, жатарда дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаган таптакыр эле болбойт. Муну менен өзүн алаксытып, уйкуга кетем деген киши жаңылат.

Кофеини бар азыктар, спирт ичимдиги уйкунун ырааттуулугун бузат. Мындан сырткары көөшүп эс алам десеңиз, телефон менен электр жарыгын өчүрүп койгондон өтөрү жок. Жарык мээнин караңгыда адамды уйкуга чакырган гормон иштетип чыгышына тоскоол болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM