Биз менен байланышыңыз

Ревматизм жүрөк оорусун козгойт

Тамак ооруларын туура эмес дарылоонун же дарылабай коюунун кесепети ревматизмди пайда кылат. Бул тууралуу ревматолог Бурмачач Чолпонбаева  «Мединфо» программасына берген маегинде айтты.

«Ремватизмди өз учурунда дарылабаса, жүрөк ооруларын пайда кылат. Ревматизмди өтүштүртүп албаш үчүн ангина, фарингит ооруларын өз убагында дарылоо зарыл. Ал аба аркылуу да жугушу мүмкүн, ошондуктан көп киши чогулган жерде сактануу зарыл. Ревматизм көбүнчө күз, кыш мезгилинде  козголот. Ал эми жүрөк оорунун кесепетинен  инфаркт, инсульт алуу коркунучу бар».

 Дарыгерден кеңеш

Сергек жашоо. Муун оорубашы үчүн сергек жашоо биринчи орунда турат. Муундар  үчүн эң маанилүү нерсе — кыймыл.  Бирок муундар ооруга чалдыккан учурда чуркоо жана муундарга күч келтирүү сунушталбайт. Сууда сүзүү да — муундар үчүн пайдалуу.

Эгер муундарыңызда кандайдыр бир шишик же оору байкасаңыз, дароо дарыгерге кайрылууңуз керек.

Тамактануу. Дененин  көлөмүнүн индексин нормада сактоо керек. Себеби, ашыкча салмак көптөгөн муун оорулары жана жүрөк кан тамыр оорусуна, кант диабетине, остеоартрит, ревматизм, подагра ооруларына алып келет. Туура тамактанып, сүт азыктарын колдонуу — муундарга пайдалуу. Ал эми профилактика катары кошумча кальций ичсе болот, бирок сөзсүз дарыгердин кеңеши зарыл.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM