Орусиянын жарандары, Кыргызстандын эркин күрөшчүлөрү Арсалан Будажапов жана Аяал Лазарев Орусияда өткөн эл аралык мелдеште күмүш медаль алышты.
6-8-ноябрь күндөрү күрөш боюнча «Москва Гран-при» турнири өттү. Анда, Будажапов 86 килограммга чейинки салмак категориясында, Ал эми Лазарев 125 килограммда күч сынашты.
Жыйынтыгында бурят күрөшчүлөр Кыргызстанга эки күмүш медаль алып беришти.