Биз менен байланышыңыз

Футболчу Дзюбаны Орусиянын атактуулары колдоого алууда

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 9 Ноя 2020 | 457 | 0

Орусиянын бир топ белгилүү эстрада жылдыздары өздөрүнүн социалдык тармактагы баракчалары аркылуу футболчу Артём Дзюбаны колдоого алышууда.

Маалыматка ылайык, 53 жаштагы ырчы Филипп Киркоров Дзюбанын видеосун тараткандарды жазага тартуу керектигин белгилеген. «Артём Дзюбанын Орусия курамасы үчүн жасаган ийгиликтерин жана футболду жайылтууга кошкон салымын баалабай коюуга болбойт. Мыйзам адамдын купуялуулук укугун коргошу керек. Коомдук адамдар буга укуктуу! Адамдын жеке жашоосу жана жеке видеолору эч качан коомдук талкууга айланбашы керек. Видеону жарыялагандарды соттой турган кез келди. Бул шылуундар ар дайым жазасыз калышат. Мындай кырдаалда таланттуу спортчуну колдоп, тилектештигимди көрсөтүшүм керек деп ойлойм», — деп жазган Киркоров.

Киркоровдун бул сөзүн ырчы Анна Нетребко, саясатчы Ксения Собчак, алып баруучу Яна Рудковская, актриса Олеся Судзиловская жана башка бир топ белгилүү адамдар колдогон.

Белгилей кетсек, 7-ноябрда социалдык тармактарда футболчу Артём Дзюбанын интимдик видеосу тарап кеткен. Мындан улам Орусиянын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесов Дзюбаны ноябрь айындагы оюндарда улуттук курамага алуудан баш тарткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM