Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы Польшада машыгууда

Кыска кабар , Спорт | 9 Ноя 2020 | 603 | 0

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча аялдар курама командасы Польшада окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуу-машыгуу иш-чарасы Польшанын Спала шаарында 9-16-ноябрь күндөрү «Олимп Центр» спорт базасында өтөт.

Кыргызстандын курама командасы менен биргеликте окуу-машыгуу жыйынына Оруссиядан жана Түркиядан күчтүү спортчулар келишет.

6-8-ноябрда Кыргызстандын аялдар курама командасы Варшавада өткөн «Poland Open» турнирине катышып, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова алтын медалдарды жеңип алышты.

Ошондой эле Польшадагы улуттук курама командада Нураида Анаркулова, Назира Марсбек кызы жана Айпери Медет кызы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM