Биз менен байланышыңыз

Дзюдо боюнча дүйнө чемпионаты жылдырылды

Кыска кабар , Спорт | 9 Ноя 2020 | 350 | 0

2020-жылы өтө турган дзюдо боюнча эркектер жана аялдар арасындагы Азия жана Океания чемпионаты коронавирус пандемиясына байланыштуу кийинкиге калтырылды. Бул туралуу Азия дзюдо бирикмеси билдирди.

Турнир 26-29-ноябрда Улан-Батордо (Монголия) өтүшү керек болчу.

«Мындай чечим COVID-19 менен болгон белгисиз кырдаалга байланыштуу кабыл алынды. Учурда Монголия башка өлкөлөр үчүн дагы деле жабык. Ушул себептерден улам Азия чемпионаты башка убакытка жылдырылды», — деп айтылат Азия дзюдо бирикмесинин маалыматында.

Буга чейин Эл аралык Дзюдо Федерациясы спортчулар эки Азия чемпионатына (2020-2021-жылдардагы) катыша алат деп чечкен, алардын эң мыктылары дүйнөлүк рейтингге чыкмак.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM