Биз менен байланышыңыз

Салбуурун боюнча финалдык беттештердин жыйынтыгы

Кыска кабар , Спорт | 8 Ноя 2020 | 297 | 0

Бүгүн, 8-ноябрь күнү Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган ат оюндарынын алкагында салбуурун боюнча финалдык беттештер өттү.

Мелдештерге Баткенден тышкары 6 облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 93 катышуучу катышкан.

Жеңүүчүлөрдүн жана байгелүү орун ээлеринин тизмеси:

Тайган жарыш:

  • 1-орун – Изабеков Алтынбек, Жалал-Абад облусу, байге – 6 000 сом;
  • 2-орун – Карабаев Мухидин, Талас облусу, байге –5 000 сом;
  • 3-орун – Алчынбаев Марат, Талас облусу, байге – 3 000 сом.

Куш салуу:        

  • 1-орун – Айбек уулу Салават, Ысык-Көл облусу, байге – 6 000 сом;
  • 2-орун – Болотбеков Тимур, Ысык-Көл облусу, байге –5 000 сом;
  • 3-орун – Кубаныч уулу Майрамбек, Чүй облусу, байге – 3 000 сом.

Бүркүт салуу:

  • 1-орун – Сулайманбеков Айтбек, Ысык-Көл облусу, байге – 6 000 сом;
  • 2-орун – Айбек уулу Салават, Ысык-Көл облусу, байге –5 000 сом;
  • 3-орун – Кожогулов Нурбек, Ысык-Көл облусу, байге – 3 000 сом.

Ителгиге далба ойнотуу:

  • 1-орун – Абдыкадыров Түгөлбай, Ысык-Көл облусу, байге  – 6 000 сом;
  • 2-орун – Анарбеков Самат, Ысык-Көл облусу, байге –5 000 сом;
  • 3-орун – Саламат уулу Бексултан, Бишкек шаары, байге – 3 000 сом.

Жаа атуу:

   Эркектер арасында:

  • 1-орун – Ногойбаев Рустам, Бишкек шаары,  байге – 6 000 сом;
  • 2-орун – Мурадил уулу Ынтымак, Талас облусу, байге –5 000 сом;
  • 3-орун – Токтоматов Бакыт, Бишкек шаары,  байге – 3 000 сом.

Аялдар арасында:

  • 1-орун – Садырова Асел, Чүй облусу, байге – 6 000 сом;
  • 2-орун – Төрөгелдиева Седеп, Бишкек шаары, байге –5 000 сом;
  • 3-орун – Загорулько Оксана, Бишкек шаары, байге – 3 000 сом.

Ат үстүндө жаа атуу:

  • 1-орун – Асылбеков Айдар, Ысык-Көл облусу,  байге – 7 000 сом.
  • 2-орун – Шейшенбаев Бактыбек, Ысык-Көл облусу,  байге – 5 500 сом.
  • 3-орун – Көлбаев Нурсултан, Ысык-Көл облусу,  байге – 3 500 сом.

Мындан тышкары, жеңүүчүлөр жана байгелүү орун ээлери Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын атынан дипломдор, медалдар менен сыйланышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM