Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү-2020: Жогорку Лиганын баш байгеси 500 миң сом болду

Кыска кабар , Спорт | 8 Ноя 2020 | 337 | 0

Бүгүн, 8-ноябрда Чолпон-Ата шаарында Президенттин Кубогу үчүн беттешип жаткан көк бөрү командаларынын финалдык оюндары өттү.

Саат 14:30га белгиленген Жогорку лиганын финалдык мелдешинде Таластын «Ынтымак» командасы менен Оштун «Достук» командалары беттешип, жыйынтыгында 9:2 эсебинде жеңген Таластын «Ынтымак» командасы Жогорку лиганын чемпиону аталды.

Жогорку лиганын жеңүүчүлөрдүн жыйынтыгы төмөндөгүдөй:

Мыкты оюнчу — Мелисбек уулу Нуржан («Ынтымак»)

Мыкты аргымак — Пегас («Достук»)

3-орун — «Сары-Өзөн» командасы (Чүй ) — байгеси: 125 миң сом

2-орун — «Достук» командасы (Ош) — байгеси: 250 миң сом

1-орун — «Ынтымак» командасы (Талас) — байгеси: 500 миң сом

Белгилей кетсек, Жогорку лигада жалпысынан алты команда күч сынашып, акыркы орунду калган эки команда биринчи лигада оюн алып барат, тагыраагы, мындан ары жогорку лигадагы «Ат-Башы» командасы менен «Кара-Буура» командасы биринчи лигада ойнойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM