Биз менен байланышыңыз

Аял саяпкер таптаган жорго алдыга келди

Кыска кабар , Спорт | 8 Ноя 2020 | 687 | 0

Бүгүн, 8-ноябрь күнү Чолпон-Ата шаарынын ат майданында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган ат оюндарынын алкагында ат чабыш боюнча мелдеш өттү.

Кунан чабыш боюнча 17 күлүк чабылып, орундары жана байгелери төмөнкүдөй болду:

  • Саяпкер Саид таптаган Абдылдаев Намирдин Айдана (Байкол-Шайка) күлүгү биринчи келип, ээси 30 миң сом алды;
  • Чоноев Адилет таптаган Шабданов Даниярдын Агат (Апогей-Ариет) күлүгү экинчи келип, ээси 18 миң сом алды;
  • Дүрбөлөң уулу Эдил таптаган Саматов Жыргалдын Карлыгач күлүгү үчүнчү келип, ээси 13 миң сом алды;
  • Изат таптаган «Кеңешбек ата» асыл тукум жылкы фермасынын Байтору кунаны төртүнчү келип, ээси 9 миң сом алды.

Жорго салышка 13 жорго чабылып, орундары жана байгелери төмөнкүдөй болду:

  • Туратбекова Жылдыз таптаган Адамалиев Турсунбектин Гариславна жоргосу биринчи келип, ээси 30 миң сом алды;
  • Жайлообеков Чубак таптаган Кажиев Мамбеттин Чемберлен (Бюстердано) жоргосу экинчи келип, ээси 18 миң сом алды;
  • Баатырбеков Жанат таптаган «Элдияр» жылкы фермасынын Бурадар (Борон- Койкол) жоргосу үчүнчү келип, 13 миң сом алды;
  • Ургазиев Камчыбектин (саяпкери өзү) Побед (Патрон-Мачо) жоргосу төртүнчү келип, ээси 9 миң сом алды.

Аламан байгеге 12 күлүк чабылды:

  • Өмүралиев Керим таптаган Мамбеттаипов Турсунаалынын Көкбайталы (Серперсий) биринчи келип, ээси 35 миң сом алды;
  • Сатыбалдиев Айбек таптаган Дөөлөтбаков Канаттын Барон күлүгү экинчи келип, ээси 20 000 сом алды;
  • Кубанычбеков Эрлан таптаган Абдразаков Нурдиндин Жылдыз күлүгү үчүнчү келип, ээси 18 миң сом алды;
  • Абдрахманов Белек таптаган Раималиев Салдатбектин Баяна (Онепич-Зайчик) күлүгү төртүнчү келип, ээси 12 миң сом алды.

Мындан тышкары, алдыга келген күлүктөрдүн чабандестери, ээлери Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын дипломдору, медалдары жана кубоктору менен сыйланышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM