Биз менен байланышыңыз

Самбо боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандыктар беш медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 8 Ноя 2020 | 450 | 0

Ушул күндөрү Сербияда өтүп жаткан Самбо боюнча дүйнө чемпиондугунун экинчи күнүндө Кыргызстандын спортчулары 3 медалга ээ болушту.

Кечээ, 7-ноябрда өткөн спорттук жана күжүрмөн самбо мелдештеринде эркектер жана аялдар үчүн 9 медалдар топтому ойнотулду.

52 килограммга чейинки салмак категориядагы аялдар арасындагы мелдеште Самара Абдымалик кызы жарым финалда орусиялык аялга утулуп калган. Бирок кийинки баскычта француз спортчусун жеңип алып, коло медаль тагынды.

Күрөштүк самбо боюнча мелдештерде Медербек Сапарбек уулу (62 кг чейин) жана Нурисбек Бекбердиев (82 кг чейин) коло медалга ээ болушту.

Эки күндүн ичинде Кыргызстандын спортчулары 5 медалга ээ болушту — 2 күмүш жана 3 коло.

Белгилей кетсек, Бүгүн, 8-ноябрда акыркы 9 медалдар топтому ойнотулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM