Биз менен байланышыңыз

Эл аралык мелдеште Кыргызстан курамасы 2 алтын медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 8 Ноя 2020 | 552 | 0

«Poland Open» эл аралык мелдешинде кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама кошууну 2 алтын медаль жеңди. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт агенттиги расмий сайтына жарыялады.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 62 кг чейинки салмактык категорияда биринчи орунга ээ болду. Алгачкы беттеште ал Орусиянын спортчусун мөөнөтүнөн эрте жеңип, ал эми жарым финалда Африканын чемпиону менен беттешип, артка калтырды. Финалдык беттеште Айсулуу Орусиянын спортчусун  жеңди.

Экинчи алтын медалды 68 кг чейинки салмактык категорияда күрөшкөн Мээрим Жуманазарова алып келди: чейрек жана жарым финалдарда Орусиянын жана Түркиянын спортчуларын жеңип, финалда Польшанын спортчусу менен беттешип, биринчиликти алды.

Белгилей кетсек, мелдеш 4-ноябрда башталган. Кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер 6-7-ноябрь күндөрү өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM