Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атадагы ат оюндардын жалпы байге фонду 1 млн 850 миң сом

Кыска кабар , Спорт | 8 Ноя 2020 | 380 | 0

Бүгүн, 8-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин көк бөрү боюнча Кубогунун финалдык беттештери өтөт. Көк бөрү оюндары менен катар эле башка да ат оюндары кошо өткөрүлүүдө. Оюндарынын жалпы байге фондуна 1 млн 850 миң сом бөлүнгөнүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.

Алар белгилегендей, Президенттин Кубогу үчүн болгон көк бөрү оюндарына 1 млн 400 миң сом, ат чабышка 250 миң сом, эр эңишке 100 миң сом, салбуурунга 100 миң сом жалпы байге каралган.

Бүгүнкү оюндарды өткөрүү тартиби төмөнкүдөй тизмектелди:

  • 9:00. Эр эңиш боюнча финалдык беттештер;
  • 10:00. Көк бөрү боюнча Биринчи лигада ойногон «Ала-Тоо» менен «Мурас» командаларынын финалдык беттеши;
  • 11:30. Салбуурун
  • 13:00. Ат чабыш
  • 14.30. Көк бөрү боюнча Жогорку лигада ойногон «Ынтымак» менен «Достук» командаларынын финалдык беттеши;

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM