Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү 2020: «Сары-Өзөн» командасы үчүнчү орунду алды

Кыска кабар , Спорт | 7 Ноя 2020 | 430 | 0

Бүгүн, 7-ноябрда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу үчүн беттешип жаткан көк бөрү командаларынын үчүнчү орун үчүн болгон оюндары соңуна чыкты.

Саат 11:30га белгиленген Жогорку лигадагы үчүнчү орун үчүн мелдеште «Сары-Өзөн» командасы «Жаш-Күчтү» 9:1 эсебинде утуп, 3-орунду камсыздай алды.

Азыркы тапта, эр-эңиш, салбуурун оюндары орун алууда.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө. Буга чейин Биринчи лигада 3-орун үчүн беттеш өтүп, «Келечек» «Суусамыр» командасын 18:2 эсебинде уткан болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM