Биз менен байланышыңыз

Конор Макгрегор UFC’ден канча каражат тапканы белгилүү болду

Кыска кабар , Спорт | 7 Ноя 2020 | 500 | 0

UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFC уюмундагы карьерасы үчүн жалпы 15 миллион доллардан ашык киреше тапкан. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыкты.

Макгрегор UFC’деги биринчи беттешин 2013-жылы өткөргөн. Биринчи 6 беттешинде ирландиялык мушкер 500 миң долларга жакын киреше тапкан. Ал эми америкалык мушкер Нейт Диас менен биринчи титулдук беттешинде 1 миллион доллар алса, реванш үчүн 3 миллион доллар алган.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен болгон беттеш үчүн Макгрегор утулгандыгына карабастан 3 миллион доллар алган. Ошол эле учурда 2020-жылдын январь айында өткөн Дональд Серроне менен болгон беттеште 5 миллион доллар тапкан.

Бул каражатка телекөрсөтүү үчүн алган бонустары жана акы төлөп көрүүчү телеканалдардан алган каражаты кирген эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM