Биз менен байланышыңыз

«Келечек» командасы үчүнчү орунга ээ болду

Кыска кабар , Спорт | 7 Ноя 2020 | 644 | 0

Бүгүн, 7-ноябрда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу үчүн беттешип жаткан көк бөрү командаларынын үчүнчү орун үчүн болгон оюндары соңуна чыкты.

Саат 10:00го белгиленген Биринчи Лигадагы үчүнчү орун үчүн мелдеште «Келечек» командасы «Суусамырды» 18:2 эсебинде утуп, Биринчи Лигада үчүнчү орунду камсыздай алды.

Азыркы тапта, саат 11:30га белгиленген Жогорку Лигадагы «Сары-Өзөн» — «Жаш Күч» командаларынын ортосундагы бүйүр кызыткан беттеш жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM