Биз менен байланышыңыз

Кыргыз мушкери Кямран Аббасов атаандашын нокаутка учуратты[видео]

Кыска кабар , Спорт | 7 Ноя 2020 | 479 | 0

Кечээ, 6-ноябрда Сингапурда өткөн «One Matrix II» турниринде кыргыз мушкери Кямран Аббасов америкалык мушкер Жеймс Накашимини техникалык нокаут менен жеңип, чемпиондук титулун коргоп калды.

Аббасов атаандашын беттештин төртүнчү бөлүгүндө техникалык нокаутка учуратты. Муну менен Накашима карьерасында алгачкы жолу жеңилүү ызасын тартса, Аббасов биринчи жолу чемпиондук титулун коргоп калды.

Белгилей кетсек, Кямран Аббасов 2019-жылдын 25-октябрында швециялык мушкер Себастьян Кадестамды утуп, уюмдун жарым орто салмактагы титулун жеңип алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM