Биз менен байланышыңыз

Канат Келдибеков техникалык нокаут менен жеңилип калды

Кыска кабар , Спорт | 7 Ноя 2020 | 461 | 0

Кечээ, 6-ноябрда «Тайсон» каймана аты менен таанымал белгилүү кыргыз мушкери Канат Келдибеков Москва шаарында өткөн «АСА 113» турниринде атаандашы Александр Матмуратовго техникалык нокаут менен жеңилип калды.

Беттештин биринчи бөлүгүндө Канат Келдибеков атаандашынан бир топ кубаттуу соккуларды өткөрүп алгандыктан дарыгерлер беттешти токтотуп койду.

Белгилей кетсек, орусиялык мушкер Александр Матмуратов карьерасында онунчу жолу жеңишке жетсе, Канат Келдибеков алтынчы жолу жеңилүү ызасын тартып калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM