Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Польшада алтын медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 7 Ноя 2020 | 2281 | 1

Польшанын борбору Варшава шаарында өткөн «Poland Open» эл аралык турнирине 62 килограмм салмак ченинде катышкан Айсулуу Тыныбекова алтын медаль алды.

Тыныбекова биринчи баскычта орусиялык Ульяна Тукуренованы 12:3 эсебинде жеңди. Кийинки баскычта тунистик Марва Амри менен кез келип, Айсулуу Тыныбекова 8:4 эсебинде утулуп жатып, беттеш бүтөрүнө 40 секунд калганда атаандашын далысынан басып таза жеңишке жетти.

Финалда Тыныбекова орусиялык Анжела Фоменканы 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медалга ээ болду.

1 пикир

1 пикир

  1. Жолдош

    07.11.2020 11:55

    Азамат Айсулуу куттуктайбыз.
    Кыргыз элинин керегине жараган кыздардан болуп журо бер.Чын ден соолук,узун омур,Иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM