Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү-2020: Биринчи лигадан финалга жолдомо алгандар аныкталды

Кыска кабар , Спорт | 6 Ноя 2020 | 458 | 0

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Президентин Кубогу үчүн көк бөрү командаларынын беттеши өтүп жатат. Бүгүн, 6-ноябрда Кубокто көк бөрү боюнча Жогорку Лиганын жана Биринчи Лиганын жарым финалдык оюндары өтүп, Биринчи лигадан финалга жолдомо алгандар аныкталды.

Саат 10:00го белгиленген Биринчи Лигадагы жарым финалдык оюнда «Ала-Тоо» командасы «Келечек» командасын 6:2 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды. Бул оюнда өлкөгө кеңир таанылган улакчы Манас Ниязов 4 улак сала алды

Саат 11:30да болгон Биринчи Лиганын жарым финалдык оюнунда «Мурас» – «Суусамыр» командаларынын ортосундагы беттеш 11:3 эсебинде «Мурас» командасынын жеңиши менен аяктады.

Муну менен Ысык-Көлдүн «Мурас» командасы менен Оштун «Ала-Тоо» командасы Биринчи Лиганын финалында беттешет.

Эске салсак, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM