Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Канатбек Келдибеков Орусияда мушташат

Кыска кабар , Спорт | 6 Ноя 2020 | 1080 | 0

Орусияда өтө турган аралаш мушташ боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандан эки спортчу катышат.

ACA уюмунун кезектеги ACA-113 турнири бүгүн, 6-ноябрда Москва шаарында өтөт. Кыргызстандын эки мушкери чакыруу алган бул турнирде жалпысынан 13 беттеш мерчемделген.

Кыргызстандык Фаррух Ажиев АСАда алгачкы беттешин өткөрөт. Ал мелдешке бир жума калганда чакыруу алган. Ага чейин беттешери белгиленген мушкер жаракат алып калганына байланыштуу орду Ажиев менен алмаштырылган. Атаандашы украиналык Руслан Абилтаров болот.

Ал эми Канат Келдибеков орусиялык Александр Матмуратов менен жеңил салмакта беттешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM