Марал Радиосу

БШК: Президенттикке катышууну каалаган алгачкы талапкердин арызы келип түштү

Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке катышуу үчүн бир талапкерден арыз түштү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алгачкы талапкер “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, ал президенттикке өзүн-өзү көрсөтүүдө.

БШКнын маалыматы боюнча, 14-ноябрга чейин президенттикке катышууну каалаган жарандар арыз бериши керек. 6-декабрга чейин бардык тийиштүү документтер тапшырылып, 1 млн сом күрөө тапшырылышы керек.

Президенттикке талапкерлер бере турчу документтердин тизмеги

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт.