Марал Радиосу

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү дайындалды

Абсаттар Сыргабаев Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. 19-октябрда жаңы жетекчи эмгек жамаатына тааныштырылды.

Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Барпы айыл аймагынын башчысы болуп иштеген. Ал «Мекенчил» партиясынан парламенттик шайлоодо талапкер болгон.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп буга чейин Нурболот Мирзахмедов иштеди.

Жарасул Абдураимов өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болду