Марал Радиосу

Түштүк Корея: «Реформа» менен «Бүтүн Кыргызстан» алдыда

Түштүк Кореядагы добуш берүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу социалдык тармактарда сүрөттөр тарады.

Тартып алынган сүрөткө ылайык, Түштүк Кореяда жалпы 159 адам шайлоого катышкан. Анын ичинен «Бүтүн Кыргызстан» — 45, «Реформа» — 28, «Ыйман Нуру» — 26, «Мекенчил» — 12, «Ата Мекен» — 11, «Социал-демократттар» — 9, «Биримдик» менен «Республика» — 6 добуш алган. Калган партиялар 5 добуштан кем алган же такыр алган эмес. Ал эми «Баарына каршы» пунктун 5 адам тандаган.

Буга чейин Орусиянын Владивосток жана Түштүк-Сахалин аймагында да шайлоо жыйынтыкталганын жазганбыз. Анын жыйынтыктарын төмөнкү шилтемеден көрүп алсаңыздар болот:

Владивосток: «Бүтүн Кыргызстан» менен «Мекенчил» алдыда (фото)

Түштүк-Сахалинде добуш берүү жыйынтыкталды: «Бүтүн Кыргызстан» эң көп добуш алды