Марал Радиосу

Добуш берүүгө келген Текебаев паспортун үйүндө унутуп калган (видео)

Саясатчы Өмүрбек Текебаев добуш берүү үчүн үй-бүлөсү менен №1214 шайлоо участогуна келди. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Айпери Кыдырали кызы билдирди.

Текебаев учурда шайлоого добуш берүү үчүн участокто күтүп турат. Себеби ал шайлоого келе жатып, паспортун үйүнө унутуп калган.


Текебаев президенттик шайлоого даярданып жатабы? (өзүнүн жообу)


Кошумчалай кетсек, бул жолку парламенттик шайлоого Өмүрбек Текебаев катышкан жок. Ал эми «Ата-Мекен» партиясын бул шайлоодо депутат Жанар Акаев жетектеп баратат.  Партия 1992-жылы түптөлгөн. Анын лидери саясатчы Өмүрбек Текебаев болгон. Партиянын багыты – социализм.