Биз менен байланышыңыз

Адамдар арасында бруцеллез оорусу кыскарууда

Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 517 | 0

Адамдар арасында бруцеллез оорусу кескин кыскарууда. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кабарлайт.

Мекеме кой-эчкилердин бруцеллез ылаңына  каршы “Рev-1” вакцинасы менен эмдөөнү 2008-жылы баштаган.

Мындан сырткары республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчага ири мүйүздүү малдын бруцеллез ылаңына каршы 2019 жылдан баштап “Шт-19” вакцинасы сатып алынып эмдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Вакциналар эл аралык талаптарга жооп берет, Эл аралык эпизоотиялык бюронун (МЭБ) шайкештик сертификаттары бар. Эмдөөдөн өткөн малдын иммунитети 3 жылдан ашык кармалат.

Эмдөөнүн натыйжасында кой-эчкилер арасында бруцеллез ылаңы 25 эсеге, бодо малдар арасында 2 эсеге, ал эми адамдар арасында 6 эсеге кыскарды.

Жылына 4500 миңден ашык адам бруцеллез менен ооруп 10 млн. доллар чыгымдап келсе, азыркы учурда  кээ бир айыл аймактарда бруцеллез такыр катталган жок.

Жарандар арасында бруцеллез оорусу былтыркы жылдын 8 айына салыштырмалуу 243 кишиге аз катталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM