Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда улгайгандар жыл санап өсүүдө

Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 510 | 0

Улгайган адамдардын эл аралык күнү жылыга 1-октябрда белгиленет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы 1990-жылдын декабрында чечим кабыл алган.

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагы адамдардан улуулардын саны 1950-жылы туулган, согуш маалындагы муунга салыштырмалуу көп сандагы адамдардын пенсия курагына өткөндүгүнүн эсебинен жылына көбөйүп бара жатат.

Акыркы беш жыл ичинде эле ушул курактагылардын саны республика боюнча жалпысынан 100 миңге, же 24 пайызга көбөйдү.

2020-жылдын башында Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагылардан улуу курактагы 526 миң адам же өлкөнүн ар бир сегизинчи жашоочусу болгон. Эмгекке жарамдуу курактагылардан улуу  курактагы эркектердин (63 жаш жана андан улуулар) саны 158 миңди түзсө, аялдардын саны (58 жаштагылар жана андан улуулар) 368 миңге жакын. Ошол эле учурда ушул курактагы аялдардын саны эркектердикине караганда 209 миң адамга же 2,3 эсе көп.

Кыргызстанда 2020-жылы туруктуу жашаган, жашы 65теги
жана андан улуу адамдардын саны:

(жыл башындагы баалоо, миң адамга)

Ушул жагдайдан алганда эмгекке жарамдуу курактан улуу жашоочулардын негизги бөлүгүн аялдар түзөт, себеби алардын өмүрүнүн узактыгы эркектердикине салыштырмалуу жогору.

2019-жылы эркектердин өмүрүнүн узактыгы 67,6 жаш болсо, аялдардыкы 75,8 жашты түзгөн.

Өмүрдүн узактыгы боюнча ажырым эркек менен аялдардын өлүм деңгээлиндеги айырмачылыктарга байланыштуу: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда болжол менен бир жарым эсе жогору.

Пенсиялык куракка чейин жашоо ыктымалдыгы аялдарда 90 пайызды түзсө, эркектердики 70 пайызды гана түзөт. Бул жерден аялдардын пенсияга чыга турган курагы беш жылга эрте келерин эске алыш керек (эркектердики – 63 жаш, аялдардыкы – 58 жаш). Азыркы 60 жаштагы аялдар орто эсеп дагы 20 жылдай, ал эми эркектер – 14 жыл жашоо ыктымалдыгы бар.

БУУнун жаш курак боюнча классификациясына караганда, эгер жалпы калктын эсебинде 65 жаштагылар жана андан улуулардын саны 4 пайыздан төмөн болсо, анда мындай өлкөнүн калкы жаш деп эсептелет. Эгер 4төн 7 пайызга чейинки интервалда болсо, калк улгаюу босогосунда, эгер 7 пайыздан жогору болсо анда улгайган калк деп саналат.

Кыргызстандын калкы акырындап улгаюу босогосуна жакындоодо: 2020-жылдын башында 65 жаштагылар жана андан улуулар 317 миңдей адамды же кыргызстандыктардын 4,9 пайызын түзүп турган. Ушуга карабастан КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу бул көрсөткүч бир топ төмөн (2018-жылы бул көрсөткүчтөр Азербайжанда 6,8 пайыз, Казактанда 7,3 пайыз, Арменияда 11,9 пайыз, Россияда 14,6 пайыз, Белоруссияда 15,2 пайыз) болгон.

БУУнун божомолдоосу боюнча Кыргызстанда мындай тенденция болжол менен 2030-жылдарда пайда болот, ошол мезгилде 65 жаштагы жана андан улуулардын саны 7 пайызга жакындап барат.

КР Социалдык фондунун жана башка министрликтер менен мекемелерде 2019-жылдын аягында каттоодо 715 миңге жакын пенсионер турса, алардын ичинен дээрлик 530 миң адам же 74 пайызга жакыны жаш курагы боюнча пенсия алуучулар болуп эсептелишкен.

2019-жылы пенсиянын орточо көлөмү 5 960  сом болуп, пенсионерлер үчүн жашоо минимумунун бюджетинен 1,4 эсе жогору болгон (4 287сом).

Социалдык фонддун чыгашасынын көлөмү боюнча алганда пенсия менен камсыздоонун үлүшү 2019-жылы 85,3 пайызды түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM