Биз менен байланышыңыз

Некролог — белгилүү обончу Черикчи Бакасов дүйнөдөн кайтты

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 432 | 0

30-сентябрда 80 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, обончу, аткаруучу Черикчи Бакасов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Черикчи Бакасов Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында 1940-жылы 17-февралда туулган.

Ал эмгек жолун айылдык клубдун башчысы, китепканада кызматкер болуп баштаган.

1961-2001-жылдар аралыгында К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде эмгектенип, ардактуу профессор наамына ээ болгон.

К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театрында музыка бөлүмүнүн башчысы болуп да иштеген.

2002-жылдан өмүрүнүн аягына чейин К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде жана №1 интернат-гимназияда музыка мугалими болуп иштеди.

Черикчи Бакасов чыгармачылык жолунда алгач ирет 1957-жылы Бүткүл дүйнөлүк жаштардын фестивалында лауреат болгон. 1958-2004-жылдар аралыгында хор менен эмгектенип, улуттук жана эл аралык деңгээлдеги кароо-сынактарда бир нече жолу байгелүү орундарды багындырган.

Чыгармачылык ишмердүүлүгү коомчулук жана мамлекет тарабынан жогору бааланып, 1990-жылы “Эл агартуунун отличниги” жана “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгилери менен сыйланган.

1995-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамына татыктуу болгон.

Белгилүү обончу, аткаруучу Черикчи Бакасов – Д. Садырбаевдин “Бегимайдын ыры”, Э. Конурбаевдин “Жаздын көркү”, К. Жумалиевдин “Көл көктөмү” А. Нышановдун “Нарын кечтери”, М. Алыбаевдин “Сага” ж.б. бир топ акындардын ырларына, ошондой эле өзүнүн калемине таандык “Жүрөк сагынычы”, “Куса болдум” аттуу чыгармаларга обондорду жараткан.

Өкмөт мүчөлөрү, маданият жана искусство ишмерлери Черикчи Бакасовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Эсил инсандын элеси кыргыз элинде түбөлүккө сакталат.

А.Б. Баатырбеков, Т.А. Темиралиев, А.К. Жаманкулов, К.Б. Базарбаев, Ж.У. Саралаева, Б.Ш. Секимов, К.О. Иманалиев, Г.Р. Черикбаева, М.А. Бегалиев, Т.М. Мураталиев, Т.Т. Казаков, К.А. Осмонов, Д.С. Баратбаева, А. Эгембердиев, Т.А. Чокиев, С. Жумалиев, А. Бедияров, А. Бөдөшев, Т. Сатаров, Д. Нургазиев, З. Сооронбаев, Ш. Дүйшеев, Э. Маданбеков, А.А. Өзүбеков, Т.К. Сманбеков, К.А. Абдрахманов ж.б.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM