Биз менен байланышыңыз

Президент Биоартүрдүүлүк боюнча саммитте видеокайрылуу жасайт

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 323 | 0

АКШнын Нью-Йорк шаарында  Биоартүрдүүлүк боюнча саммитте Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кайрылуу жасайт. Анын сөзү түз алып көрсөтүлөт.

Жээнбеков өз кайрылуусунда Кыргызстандын тышкы саясатынын маанилүү бөлүгү «экологиялык” дипломатияны жана жашыл экономиканы алдыга жылдыруу экендигин айтат.

Ошондой эле өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоодо эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилейт.

Сооронбай Жээнбеков 1-октябрга караган түнү сөз сүйлөрү күтүлүүдө.

21-жана 23-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн сырткы карызын реструктуризациялоону сунуштаган. Ал анын ордуна туруктуу өнүктүрүү долбоорлору ишке ашырыларын айткан.

Мындай демилге менен Жээнбеков эл аралык донорлорго жана финансы институттарына кайрылган.

Ошондой эле Кыргызстан алдыдагы мөөнөттөргө БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине, Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM