Биз менен байланышыңыз

КТРКда жарык өчүп, дебат үзгүлтүккө учурады

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 446 | 0

30-сентябрда КТРКнын түз эфиринде саясий партиялардын лидерлери катышкан дебат өтүп жатканда электр жарыгы өчүп калды.

Жарык өчкөн учурда «Кыргызстан» партиясынын талапкери Асел Атабекова сүйлөп жаткан.

Дебат кечки саат 20.00дө башталган, үчүнчү раундда, саат 21.50 чамасында жарык өчтү.

Бүгүн Коомдук каналдагы дебатка «Бир бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, «Ыйман нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков, «Мекен ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек  Асанбеков, «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев, «Кыргызстан» партиясынан Асел Атабекова катышышты.

Жарык 15 мүнөттөн кийин күйдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM