Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Баткенде кырдаал курч экени түшүндүрүлүп жатат

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 400 | 0

Баткен облусунда коронавирус менен күрөшүү боюнча түзүлгөн облустук штабдын мүчөлөрү, район, шаарларга чыгып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

28-сентябрда өкмөт өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова Кадамжай районун активи менен жолугушту. Аталган райондо эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп жатат. 29-сентябрда облуста коронавирустун 55 жаңы учур катталган болсо, анын 41и Кадамжай районунда аныкталды.

Элге санитардык талаптарды сактоо, эрежеге баш ийбегендерге эскертүү жана айыппул менен эле чектелбестен, мыйзам чегинде жаза каралары айтылды.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 миң 522, андан каза болгондор 1064, айыккандар 42 миң 761ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM